Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Бишкектеги кайра шайлоодо түшкө чейин 15,5 миңдей адам добуш берди


Бул эки округда былтыркы парламенттик шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган.
Бул эки округда былтыркы парламенттик шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы бир мандаттуу эки шайлоо округунда саат 12.00гө карата шайлоочулардын 7,04%, башкача айтканда 15 461 адам добуш берди.

Шайлоочулар Свердлов районунда активдүү болууда, добушканалар ачылган төрт сааттын ичинде 10 038 адам келди.

Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында 27-февралда кайра добуш берүү өтүп жатат. Бул эки округдан 50 талапкер (Биринчи май округунан 25, Свердлов округунан 25) ат салышууда.

Аталган эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган.

Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG