Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Зеленский Орусия менен Беларуста сүйлөшпөй турганын билдирди


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Беларус элине видео кайрылуу жасады. Анда Украина Беларустун аймагында Орусия менен сүйлөшпөй турганын билдирди.

Мунун алдында Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус делегациясы Беларуска келгенин жана Гомелдеги сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирген.

Зеленский эгер Беларустун аймагынан агрессивдүү аракеттер болбогондо Киев Минскиде Москва менен сүйлөшүү жүрүзмөк экенин түшүндүрдү.

"Силер нейтралдуу болуп турганда биз Минскиде сүйлөшкөнбүз. Биз көп жолукканбыз", - деди Зеленский.

Украин президентинин айтымында, төрт күн мурун Беларустун аймагынан "ракеталар атылып, учактар, тик учактар, техникалар келген".

Зеленский сүйлөшүүгө даяр экенин, согушту токтотуп тынчтыкты кааларын айтты. Алар сүйлөшүү жүргүзүү үчүн орус тарапка Варшава, Братислава, Будапешт, Стамбул, Баку сыяктуу шаарларды сунуштаганын кошумчалады.

Украина президентинин кайрылуусу Беларуста Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өтүп жаткан күнү айтылды.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Төрт күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG