Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

28-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...2, күндүз 12…17;

Талас облусунда түнкүсүн -3...2, күндүз 10…15;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…1, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -1…-6;

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -1…1, күндүз 15…17 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG