Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:42

Зеленский: украин-беларус чегинде орус тарап менен сүйлөшүү өтөт


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү украин-беларус чек арасында, Припять дарыясына жакын жерде өтөт. Бул тууралуу 27-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский "Фейсбук", "Телеграм" аркылуу билдирди. Ал мындай мындай чечим Беларусту узак жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко менен телефон сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынганын айтты.

"Александр Лукашенко украин делегациясынын сапары, сүйлөшүүлөрү жана артка кайтып келиши маалында Беларустун аймагында жайгашкан бардык учактар, тик учактар жана ракеталардын жерде калышын камсыздоо жоопкерчилигин өзүнө алды", - деп билдирди Зеленский.

Буга чейин Кремль тынчтык сүйлөшүүлөрүн Беларустун баш калаасы Минскиде өткөрүүнү сунуштаган. Бирок Зеленский Беларустун аймагынан Украинага агрессия жасалганын жүйө кылып, сүйлөшүүлөрдү Беларуста эмес, Европанын башка шаарларында өткөрүүнү сунуштаган.

Орусия Украинага чабуулун 24-февралдын таңында баштаган. Москва Украинанын “демилитаризациясын" көздөй турганын, Киевдин НАТОго мүчө болушуна каршы экенин билдирип жатат. Украин бийлиги Орусиянын кол салышын ачык эле согуш деп мүнөздөөдө.

Украинанын бир катар аймактарында, анын ичинде Харьковдо украин армиясы менен орус күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу уланып жатканы кабарланып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG