Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Харьков Украинанын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө экени айтылды


Харьков шаары Украинанын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө. Бул тууралуу Харьков облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы Олег Синегубов "Телеграм" баракчасына жазды.

Ал Украинанын куралдуу күчтөрү, улуттук полиция жана террордук коргонуу кызматтары “шаарды орус аскерлеринен толук тазалоону” жүргүзүп жатканын айтты.

"Орус душмандар толугу менен моралдык жактан талкаланды. Харьковдо машинелерин жолдун ортосуна таштап, 5-10 адамдан турган топтор украин аскерлерине багынып берип жатышат. Украинанын куралдуу күчтөрүнүн бир өкүлүн көрөр менен багынышууда", - деп жазган.

Анын айтымында, Орусиянын чабуулу Липецк, Вовчанский жана Белгород багытында уланууда.

Орусиянын аскерлери 27-февралда Харьковго кирип келгени белгилүү болгон. Бул тууралуу Украинадагы УНИАН маалымат агенттиги Олег Синегубовго шилтеме кылып жазган.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты ырастай элек. Социалдык тармактарда орусиялык аскерлер Харьковго киргени тартылган деген видеолор тарай баштады.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Үч күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун токтото элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG