Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Евробиримдик орус учактары үчүн аба мейкиндигин толук жабат


Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен
Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен

Европа Биримдиги Москванын Украинага кол салганына байланыштуу орусиялык аба компанияларга жана жеке менчик учактарга өз аба мейкиндигин толук жаба турган болду. Бул тууралуу Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен 27-февралда кечке маал билдирди. Мындай чечим шаркеттин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жыйынынан кийин кабыл алынды.

"Биз Евробиримдиктин аба мейкиндигин Орусия үчүн жаап жатабыз. Мындай чектөө Орусия кожоюндук кылган, Орусияда катталган жана Орусия көзөмөлдөгөн учактарга тиешелүү болот деп сунуштап жатабыз. Бул учактарга Европа Биримдигинин аймагында конууга, учууга же учуп өтүүгө болбойт", - деди Урсула фон дер Ляйен.

Буга чейин Белгия, Германия, Улуу Британия, Канада сыяктуу 20га чукул Батыш өлкөсү Орусиянын учактарынын каттамдарына тыюу салган. Москва жооп иретинде бул өлкөлөрдүн учактары үчүн өзүнө тиешелүү аба мейкиндигин жапкан.

Орусия Украинага 24-февралдын таңында кол салган. Андан бери Украинанын бир катар аймактарында украин армиясы менен орус күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу жүрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG