Британия “Челси” футбол клубунун ээси Роман Абрамовичке, олигарх Олег Дерипаска жана орусиялык бир катар белгилүү бизнесмендер менен мамлекеттик компаниялардын жетекчилерине санкция салды.
"Кара тизме" британ өкмөтүнүн сайтына чыкканын “Свобода” радиосу маалымдады. Санкцияларга илингендердин арасында "Роснефть", "Газпром", "Транснефть» ишканаларынын, эки банктын башчылары бар. Ошол 7 кишинин жалпы байлыгы 20 миллиард долларга жетерин Reuters агенттиги билдирди.
Санкцияларга кабылгандар Британиянын аймагына кире алышпайт, активдеринен пайдаланууга болбойт.
Би-Би-Синин журналисти Саймон Стоун "Челси" клубунун дүкөндөрү жабылып, оюндарына билеттер сатылбай калганын "Твиттерге" жазды. Оюнчулар менен келишимдерди узартууга, жаңы футболчуларды тартууга же башка клубдарга жиберүүгө тыюу салынды.
Дагы караңыз
Улуттук банк валюта базарына 59,30 миллион доллар чыгарды Анталияда украин-орус тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсү башталды Транспорт министрлиги: “Аэрофлот” каттамдарын келерки аптада улантат Air Astana Орусияга айрым каттамдарын убактылуу токтоттуМуртазалиевдин каттоосу жокко чыкты, Атазовдуку күчүндө калды