Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

Air Astana Орусияга айрым каттамдарын убактылуу токтотту


Air Astana компаниясы Москвада. Иллюстрациялык сүрөт
Air Astana компаниясы Москвада. Иллюстрациялык сүрөт

Казакстандын Air Astana жана FlyArystan компаниялары Орусияга айрым каттамдарды убактылуу токтотту. Компания муну “өндүрүш маселеси” менен түшүндүрдү.

Азыр Air Astana Нур-Султан-Алматы-Москва багыты боюнча каттамдарды ишке ашырып жүрөт. Башка шаарларга каттамдары жок.

Буга чейин эл аралык санкциялардан улам Орусиянын "Аэрофлот" жана S7 Airlines компаниялары эки өлкө ортосундагы каттамдарын токтоткон.

Казакстандык SCAT жана Qazaq Air компаниялары Орусияга каттамдар жадыбал боюнча аткарылып жатканын билдирди.

Шаршембиде "Аэрофлот" жана "Россия" авиакомпаниялары эл аралык каттамдарын токтоткон. Анын алдында Росавиация 6-марттан баштап чет өлкөлүк реестрлерде катталган учактары бар авиакомпанияларга Орусиядан башка өлкөлөргө, 8-марттан тартып чет жактан Орусияга каттамдарын токтотуу кеңешин берген.

Орус авиатармагында пайдаланган жүргүнчү ташыган учактардын көбү чет өлкөлүк компаниялардан лизингге алынган. Санкциялар салынгандан кийин ал компаниялар техниканы кайтарууну талап кылышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG