COVID-19: Бир күндө 9 бейтап катталды, бир адам каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү, 21-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан бир адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2980 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 9 адам катталды. Алардын баары Бишкек шаарында.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 200 818 адам болду.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган. Биринчи толкун ошол жылдын июль айына туш келип, күнүнө 2,5 миңдей бейтап катталып жаткан. Оорунун төртүнчү толкуну быйыл январда болуп өттү.

12-марттан тартып коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду. Мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде эми коюлбайт. (RK)

Дагы караңыз

"Орообуз данга толсун": Кыргызстан Ноорузду майрамдоодоНооруз-2022: Негизги майрамдык иш-чара быйыл Баткенде өтүүдөЗеленский Путинди сүйлөшүүгө чакырды Нооруз-2022: Жапаров бийлик саясатты экинчи планга коюп иштеп жатканын айтты