Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Нооруз-2022: Жапаров бийлик саясатты экинчи планга коюп иштеп жатканын айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Эл кызматындагылар саясатты экинчи планга коюп, эл-журттун камы, экономиканын өнүгүшү үчүн ишенимдүү кадамдарды жасап баштады” деп билдирди бүгүн 21-мартта президент Садыр Жапаров Нооруз майрамына карата куттуктоосунда.

Элге кайрылуусунда мамлекет башчысы “бийлик бутактары бир максатты көздөп, бир багытта иш алып барууну колго алганын” белгилеп, “адал эмгек менен Кыргызстандын жаркын келечегин курууга, экономикасын өнүктүрүүгө салым кошууга” чакырды.

Бүгүн 21-мартта Кыргызстандын бардык аймактарында Нооруз майрамы белгиленип, салтанаттуу иш-чаралар өтүп жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG