29-марттын аба ырайы

Иллюстрациялык сүрөт.

29-мартта түнкүсүн Чүй, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолорунда кар жаайт, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 10…15;

Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 8…13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;

Бийик тоолордо түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5 градус.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 13…15 градус болот.

Дагы караңыз

БУУ талибдердин окуучу кыздар боюнча чечимине тынчсызданды Атамбаев президент Жапаровго сот иштеринин жүрүшү боюнча жооп берди Мэрия 11-кичирайондогу гараждарды сүрдүрүү боюнча түшүндүрмө берди “Оскар-2022”: Уилл Смиттин биринчи сыйлыгы