Акылбек Жапаров Бишкекке тез арада автобус сатып алууну тапшырды

Акылбек Жапаров жана Бакыт Төрөбаев.

Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу маселеси кыска мөөнөттө чечилиши керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн кеңешмесинде билдирди.

Жапаровдун айтуусунда, Бишкек шаарына жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу үчүн бюджеттен акча бөлүнгөнү менен маселе чечилбей турат. Мындан улам шаар тургундары кыйынчылык тартып жатканын да айтты.

Бишкек мэриясынын эсебине ылайык, баш калаага 1700 автобус зарыл, азыр каттамга жүзгө жетпегени чыгат.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) ушул жылы автобустарды сатып алуу үчүн 25 млн. евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берген.

Кыргызстанда коомдук автоунаа маселеси - орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Тейлөөнүн сапатына жана транспорттун жетишсиздигине байланыштуу бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.

Дагы караңыз

Ала качуу: кайдыгерлик жана жоопкерчиликCOVID-19: Ооруканаларда 80ден ашык бейтап дарылануудаАла-Букада үч киши сабиз кампадагы иске ууланып каза болдуБажы кызматы былтыр 1,4 миллиард сомдой аз жыйнады