Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:06

Бажы кызматы былтыр 1,4 миллиард сомдой аз жыйнады


Бажы кызматы 2021-жылы планды 96,9 пайызга аткарып, 1 млрд. 498 млн. сом аз жыйнады. Бул тууралуу бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдун 8-апрелдеги жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында белгилүү болду.

2021-жылдагы пландан артта калуунун негизги бөлүгү алгачкы төрт айда болгон. Ага январь-апрель айларындагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу импорттун кыскарышы себеп экени айтылды.

Бажы кызматы 2021-жылы жалпысынан 46 млрд. 886,5 млн. сом жыйнаган.

2022-жылы Бажы кызматы 98,5 млрд. сом жыйнашы керек.

Өткөн айда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кара жол менен ташылган жүктүн көлөмү пандемияга чейинки мезгилдеги көрсөткүчкө жеткени белгилүү болгон.

Коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөгө байланыштуу эки өлкө ортосундагы товар ташуу кескин кыскарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG