Кытайлык астронавттар жарым жылдан кийин Жерге кайтышты

Шэньчжоу-13 кемесин учуруу. Кытай. 17-октябрь, 2021-жыл

Кытайлык үч астронавт жарым жылдык миссиясын аяктап Жерге кайтышты. Шэньчжоу-13 кемеси ишембиде Ички Монголия аймагындагы Гоби чөлүнө конду.

Бул - Кытайдын космос программасынын тарыхында эң узак сапар болду. Анын жүрүшүндө Ванг Цзяпинг алгачкы аял-астронавт катары ачык космоско чыкты.

Бээжин бийликтеги Коммунисттик партиянын аскердик канаты башкарган бул тармакка миллиарддаган доллар салып, Айга адамды жөнөтүүнү көздөөдө.

Кытай алгачкы жолу астронавтын Жердин орбитасына 2003-жылы учурган, 2013-жылы роботун Айга, былтыр Марска жөнөткөн.

Кытай Эл аралык Космос станциянын программасына кирген эмес.

Дагы караңыз

Рахмон: Кыргызстан менен чек аранын 68,4% макулдашылды Бишкекте Илья Терентьевдин үйүн оңдоо башталдыИран центрифуга тетиктерин чыгарган цехти Натанзга жайгаштырганын бышыктадыИзраилдин полициясы кагылышуудан кийин Ал-Акса мечитине кирди