Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Иран центрифуга тетиктерин чыгарган цехти Натанзга жайгаштырганын бышыктады


Натанцтагы центрифугалар. Иран. 17-апрель, 2021-жыл
Натанцтагы центрифугалар. Иран. 17-апрель, 2021-жыл

Иран центрифугалардын тетиктерин чыгарган цехти Натанз ядролук заводуна жайгаштырганын бышыктады. Бир нече күн мурун Атомдук энергия боюнча агенттик Тегерандын өтүнүчү менен ал цехтин ишин көзөмөлдөгөн видео камералар орнотулганын билдирген. Бул тууралуу Ислам жумуриятынын маалымат каражаттары жазып чыкты.

Ал жабдуулар азыр жабык турган Караж ядролук жайынан алынып келди. Алардын жардамы менен уран байыткан центрифугалардын тетиктери жасалмакчы. Бул өз кезегинде Ирандын заманбап, ылдам иштеген центрифугаларды чыгаруу пландары тууралуу суроо жаратты. Байытылган уран өзөктүк курал чыгарууда колдонулат.

Жергиликтүү медиа өлкөнүн Атомдук энергия мекемесинин басма сөз катчысына шилтеме менен жазгандай, коопсуздук маселелеринен улам жабдууларды жакшы корголгон жерге көчүрүү чечими кабыл алынган.

Иран бийлиги Караждагы жай өткөн июнда саботажга туш болгонун билдирген. Натанз дагы эки ирет бутага алынганда, Тегеран ал үчүн Израилди айыптаган.

Машиналарды Натанзга которуу тууралуу жаңылык Иран менен алты дүйнөлүк держава (Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШ ) 2015-жылкы келишимди жандандыруунун үстүнөн иштеп жаткан маалда тарап жатат. Ал документке ылайык, Ислам жумурияты өзөктүк ишмердигин чектеп, бул үчүн экономикалык санкциялар жеңилдетилмек.

Вашингтон келишимден 2018-жылы чыгып кетип, жазалоочу чаралар кайра киргизилген. Иран ошондон кийин бул жааттагы ишмердигин жанданта баштаган.

АКШнын азыркы президенти Жо Байден Иран шарттарга баш ийсе, документке кайтууга кызыкдар экенин билдирген. Бул максаттагы көп тараптуу сүйлөшүүлөрдө алга жылуу байкалганы айтылганы менен, айрым маселелер боюнча мунаса табыла элек.

Батыш Иран өзөктүк куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатканын, Тегеран программасы тынчтык максаттарын гана көздөй турганын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG