Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

Киевде эртең менен жардыруулардын добушу угулду


Киев.
Киев.

Киевде жекшембинин таңында жергиликтүүлөр жардыруулардын үнү угулганын кабарлашты. Шаардык бийлик абадан коргонуу системасы иштеген болушу мүмкүн деп божомолдоп жатат. Бул тууралуу "РБК-Украина" калаанын администрация башчысынын орун басары Николай Поворозникке таянып маалымдады.

“Киевде кечинде жана эртең менен абадан коргонуу системасынын сигналы жаңырганы менен эч кандай жардыруу болгон жок жана шаар тынч. Бул ракетадан коргонуу системасы болушу мүмкүн”, - деди Поворозник

ВВС жергиликтүү бийликке шилтема кылып жекшембиде Киев облусунун Бровары шаары аткыланганын жазды. Мэр Игор Сапожктун айтымында, шаардын инфраструктура талкаланды. Азырынча толук маалымат жок.

15-апрель түнү Киевдеги бир нече катуу жардыруулардан облустун бир бөлүгү жарыксыз калды. Ишембидеги шаардын сол жээгиндеги аткылоодон бир киши каза таап, бир нечеси жарадар болду.(TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG