Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:40

Бишкек: машине токтотуучу жайлардан дем алыш күндөрү акы алынбайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Милициянын кайгуул кызматы Бишкек шаарындагы муниципалдык автоунаа токтотуучу жайлар дем алыштарда акысыз болорун эскертти.

Калаадагы айрым муниципалдык автоунаа токтотуучу жайлар дем алыш күндөрү дагы айдоочулардан акча алып жатканы жөнүндө милицияга көптөгөн арыз келип түшкөн. Учурда милициянын кайгуул кызматы рейд өткөрүп жатат. Акча талап кылгандар боюнча 102 кызматына же 0509 102 122 билдирүү калтырса болот.

Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү жолдун жээгиндеги машине токтотуучу жайларды менчик ишканалар иштетет. Мэриянын жобосуна ылайык, алар дем алыш күндөрү бекер иштеши керек. Бишкектин көчөлөрүндө автоунаа токтотуучу жайлар бир машинеге 30-50 сомго чейин алышат. Буга чейинки маалымат боюнча 10 миңден ашык орун бар.

Жыл сайын борбор шаарда машине көбөйүп, токтотуу маселеси чоң түйшүккө айланды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG