Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:54

Британиянын премьер-министрине Орусияга кирүүгө тыюу салынды


Британиянын премьер-министри Борис Жонсон.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон баш болгон бир катар министрлерге Орусияга кирүүгө тыюу салынды.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө “Британиянын мурда болуп көрбөгөндөй кастык аракеттери, анын ичинде Орусиянын жогорку кызмат адамдарына санкция салышына байланыштуу ушундай чечим кабыл алынды” деп айтылат.

Орусиянын аймагына кирүүгө 13 адамга тыюу салынды. Алардын ичинде юстиция, коргоо, каржы, ички, тышкы иштер министрлери бар. Мурдагы премьер-министр, азыркы парламент депутаты Тереза Мэй дагы Орусия аймагына кире албайт.

Орус армиясынын Украинага кол салуусунан кийин Британия орусиялык мамлекеттик кызматкерлерге, саясатчы, ишкер жана медиа өкүлдөрүнө санкция салган. Андан кийин Британия санкциянын тизмесин бир нече жолу узартып, ага тышкы иштер министри Сергей Лавровду жана Владимир Путиндин кыздарын кошкон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG