Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:48

Түркмөнстанда сулуулук салондору жабылууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстанда сулуулук салондору жапырт жабылып жатканы кабарланды.

Косметикалык кызматтарга жана ар кандай сулуулук процедураларына тыюу салынды. Учурда чачтарачтар гана иштеп жатат. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы Ашхабаддагы булагына таянып макала жазды.

Анда борбор калаадагы ири салондор жабылганы кеп болот. Анда иштегендер сулууланууга тыюу салуу өлкөнүн жаңы президенти Сердар Бердымухамедовдун консервативдүү көз карашына байланыштуу экенин айтышкан.

Түркмөн бийлиги жарандарынын сулуулук келбетине байланыштуу жаңы талаптар жөнүндө расмий комментарий бере элек.

Дүйнөдөгү эң жабык мамлекеттердин бири деп саналган Түркмөнстанды узак жылдардан бери башкарып келген Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов үстүбүздөгү жылдын 19-мартында ант берип, президенттик кызматка киришкен.

40 жаштагы Сердар Борбор Азиядагы бул өлкөнүн эгемендик тарыхындагы үчүнчү президент болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG