Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Украинада согуш башталгандан бери 200 бала каза болду


Украина.
Украина.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы согуш башталгандан бери Украинада 200 бала каза таап, 360тан ашууну жарадар болгонун кабарлады.

“Убактылуу басып алынган жана бошотулган аймактарда, согуш болгон жерлерде тактоо иштери жүрүп жаткандыктан, бул акыркы маалымат эмес”, - деп айтылат билдирүүдө.

Расмий маалыматта Донецк жана Киев облустарында балдар көбүрөөк жабыркаганы маалымдалды. Бомбалоо жана аткылоодон 1018 билим берүү мекемеси талкаланып, алардын 95и толук жарактан чыккан.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму орус армиясы Украинага бастырып кирген күндөн бери 5 млн. украиналык качкынга айланганын маалымдаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG