Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:03

Кыргыз элчиси менен Казакстандын өкмөт башчысы жолукту


Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов жана Кыргызстандын элчиси Дастан Дюшекеев.
Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов жана Кыргызстандын элчиси Дастан Дюшекеев.

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Кыргызстандын ал өлкөдөгү элчиси Дастан Дюшекеевди 15-апрелде кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштери министрлиги кабарлады.

Жолугушууда соода-экономикалык жана суу-энергетика тармагында кызматташуу талкууланган. Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучулардын маселеси көтөрүлгөн.

11-апрелде Казактандын чек арасындагы "Ак-Тилек-Карасу" өткөрмө бекетинде 300дөй жүк ташыган машиненин тыгыны пайда болгон. Казакстан тарап анын себебин түшүндүргөн эмес.

Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Казакстан тарап Кыргызстан аркылуу жүк алып киргендерге эрежелерди катаалдаштырып, түйшүк жараткан учурлар көбөйдү.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG