Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

Зеленский Мариуполдо украин аскерлери өлтүрүлсө, сүйлөшүүлөргө чекит коюларын айтты


Мариупол шаарындагы орус танкы.
Мариупол шаарындагы орус танкы.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Мариуполдогу украин аскерлери өлтүрүлсө, Орусия менен сүйлөшүүлөргө чекит коюларын билдирди. Анын айтымында, ал жакта украин аскерлери суусу, дары-дармектери жок курчоодо калды, бирок коргонуусун улантып жатышат.

Зеленский эки өлкө тынчтык макулдашуусунда эки документ кабыл алса болорун айтты. Украин президентинин айтымында, биринчиси – Украинанын коопсуздугу, экинчиси Орусия менен болгон мамилесине байланыштуу. Ал Москва бир документ кабыл алууну каалап жатканын кошумчалады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Мариупол шаарынын аймагы чет элдик жалданма согушкерлер жана украин аскерлеринин “Азов” батальонунан бошотулганын билдирди. Мекеме украин күчтөрү "Азовсталь" металлургия комбинатында курчоодо жана алар тирүү калышы үчүн багынып бериши керек экенин маалымдады. Коргоо министрлигинин маалыматында, ал жакта эки жарым миңдей киши бар. Бирок, бул маалымат башка булактардан тастыктала элек.

Украин-орус делегацияларынын 29-марттагы сүйлөшүүсү Стамбул шаарындагы Долмабахче сарайында өткөн. Орусиянын президенти Владимир Путиндин “Донбасстагы калкты коргоо” тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Ошондон бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG