Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

Зея: АКШ Борбор Азиянын эгемен өлкөлөрүн колдоону улантат


Узра Зея.
Узра Зея.

АКШнын Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея "Азаттык" радиосуна курган маегинде АКШ Борбор Азия мамлекеттерин колдоосун улантарын айтты.

“Орусиянын украин элине жана анын эгемендигине каршы бүлүк салган абийирсиз агрессиясынын фонунда АКШ Борбор Азиянын эгемен, коопсуз жана аймактык бүтүндүгү сакталып турган өлкөлөрүн мурдагыдай эле колдой берет. Бул аймактык эли дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле гүлдөп-өнүгүүгө татыктуу деп эсептейбиз. Ошондуктан биз жоопкерчиликтүү бийликке, демократиялык институттарга жана башка өнөктөштөрүбүзгө колдоо көрсөткөнүбүздөн кайтпайбыз”, - деди Узра Зея.

Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча жардамчысы Узра Зея менен майыптардын эл аралык укуктары боюнча атайын кеңешчиси Сара Минкара 11-16-апрель күндөрү Казакстан менен Кыргызстанга келип кетти. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG