Жаңы Ак үйдүн баасы жарым жылдын ичинде билинери айтылды

Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын макети.

"Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна салына турган жаңы Ак үйдүн курулушун бир жарым жылдын ичинде бүтүрүү каралууда. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынынын алдында Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча жаңыдан түзүлгөн дирекциянын жетекчиси Марат Турсунбеков 24.kg сайтына курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, курулуштун бюджети этап-этабы менен иштелип чыгып, долбоордун баасы жарым жылда белгилүү болот.

"Бизде инвестор менен келишим бар, бирок азырынча жарыялай албайбыз. Муну инвестор суранып жатат. Азыр кымгуут болуп жатат. Бирок ишенимге ээ болуш үчүн кайсы компания долбоорго киргенин жарыялайбыз", - деген Турсунбеков.

Ал үч айдан ашуун убакыт инвесторлор менен президенттин администрациясын акча коротпой куруу боюнча сүйлөшүүгө жетишкенин айткан. Ошондой учурда иш параллелдүү долбоорлоо мыйзамына ылайык жүрүп жатканын, эгер берилген жер курулуштун акчасынан ашып кетсе, айырмасы төлөнүп берилерин кошумчалаган.

Дагы караңыз Жаңы Ак үйдүн курулушу: 16 гектар жер кайдан берилет?

Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы былтыр жыл аягында бузула баштаган. Бул иштер үчүн ушул күнгө чейин бюджеттен тогуз миллион сомдун тегерегиндеги каражат сарпталганы белгилүү болду.

Президенттин Иш башкармалыгы мейманкананын бузулушун көп жылдан бери каралбай, эскирип авариялык абалга кептелгени менен байланыштырган. Бирок конок үйүнүн бузулушу айрым саясатчылар менен жарандардын сынына кабылган.

"Ысык-Көл" мейманканасы 1984-жылы Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата курулган эле. (КЕ)

Дагы караңыз

Жаңы Ак үйгө алмашыла турган жердин болжолдуу дареги айтылдыАтамбаев кезектеги сот отурумуна катышуудан баш тарттыТашкентте белгилүү саясат таануучу камакка алындыКыргызстанда акча которуу эрежелерине убактылуу өзгөртүү киргизилди