Алматынын тургуну беш кишинин өлүмүнө айыпталып, өмүр бою абакка кесилди

Дюжновду колдоо акциясы. Алматы. Сентябрь, 2021-жыл

Жети жыл мурда Донбасста орусиячыл жикчилердин катарында украин аскерлерине каршы күрөшүп келген Алматынын тургуну өмүр аягына чейин эркинен ажыратылды.

Игор Дюжнов аттуу жаран чет өлкөдөгү куралдуу жаңжалга мыйзамсыз катышкан, күч түзүмдөрүнүн кызматкерине кол көтөргөн жана Алматыда беш кишини өлтүргөн деген айыптарга күнөөлүү деп табылды.

Ал былтыр сентябрда аны күчтөп турак жайдан чыгаруу маалында полициянын эки кызматкерин, сот приставын, мүлктүн жаңы кожоюнунун жана өз досун атып салган.

54 жаштагы Дюжнов күнөөсүз экенин, “менчик жерге мыйзамсыз кирип келген адамдарды жок кылганын”, Донбасста 2014-2015-жылдары “тынчтык орнотуу үчүн” согушканын билдирди. Анын соту 18-мартта башталган.

Дагы караңыз

Иманов 100дөн ашык паспортту өлкөдөн чыгарып бараткан адам кармалганын айтты Жапаров Франциянын президенти Макронду жеңиши менен куттуктадыТузду ашыкча колдонуу өмүрдү кыскартатТүрк элдерин бириктирген салттуу музыкаУкраина: качкындардын саны 5 миллионго жетти