Согушка катышкан ардагерлердин элүү чактысы гана калды

Согуштун ардагери, 97 жаштагы Шарше Исраиловду ЖК депутаты Максатбек Сарбагышев куттуктоодо.

Кыргызстанда фашизмге каршы согушка катышкан элүү чакты гана ардагер калганын бүгүн, 9-майда “Азаттык” радиосуна Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Мекеменин 1-апрелге карата маалыматы боюнча, согуштун катышуучулары 49 адам, майыптык алгандар 19, концлагердин туткундары 10 жана Ленинградда камоолдо болгондордон 14 адам калган.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 365 миң адам катышкан, алардын 114 миңи кайтпай калган. (RK)

Дагы караңыз

Жеңиш аянтында митинг-реквием болдуКара-Суу: 102 жаштагы жалгыз ардагер "Согушту кайталоо - чоң катачылык"Жеңиш күнү: Активисттер символдорго тыюу салууга чакырды