Бишкекте жаңы стадиондун курулушу быйыл башталат

Садыр Жапаров жана Салман бин Ибрахим Ал-Халифа.

Быйыл Кыргызстанда дүйнөлүк стандарттарга жооп бере турган көп функционалдуу заманбап стадиондун курулушу башталат. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 10-майда Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти Салман бин Ибрахим Ал-Халифа менен жолугушууда айтты. АФК жетекчиси Бишкекке расмий сапар менен 8-майда келген.

Жолугушууда Кыргызстанда футболду өнүктүрүү жана жайылтуу максатында натыйжалуу кызматташуу боюнча пикир алмашуу болгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстандын Футбол федерациясынын демилгелерин колдогону үчүн АФК жетекчилигине ыраазычылык билдирип, Азияда футбол динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи.

Бишкектеги азыркы жалгыз ири стадион 1941-жылы курулган. Ал 18 миң көрүүчүгө эсептелген.

30 миң көрүүчү бата турган жаңы футбол стадионун Кыргызстан өз каражатына курганы жатканын президент Садыр Жапаров былтыр кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып билдирген. (RK)

Дагы караңыз

Дача СУ боюнча коомдук комиссия түзүлүп, курамы жарыяландыУкраин-орус кризисинин кыргыз сомуна таасири Чек ара кызматы аткезчилик тыйылбай жатканын маалымдадыБишкек: Милиция чет элдик жаранды ургандарды издеп жатат