Боомдогу кооптуу таштар түшүрүлөт

Боом капчыгайы. Архивдик сүрөт.

Бүгүн 16-майдан тартып 20-майга чейин Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун 129-чакырымында кооптуу таштарды кулатуу иштери жүрөрүн «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Боом капчыгайында саат 9дан 15ке чейин жолдун бир тарабы улам жабылып турат.

Эгер топтолгон машиналардын саны 30-40га жетсе таштарды кулатуу иши убактылуу токтотулуп, жол ачылып турат.

Бишкекти Ысык-Көл жана Нарын облустары менен байланыштыруучу негизги автожолдун 25 чакырымдайы Боом капчыгай аркылуу өтөт. (RK)

Дагы караңыз

Ирандык режиссер киночулар куугунтукка кабылганын айттыӨзбекстанда орусиялыктар ачкан компаниялар кескин көбөйдүБатыш Москванын планы оңунан чыкпай калганын билдирди Кыргыз жараны украин күчтөрүнө кошулган деп айыпталууда