Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

Батыш Москванын планы оңунан чыкпай калганын билдирди


Украинанын согуш жүрүп жаткан аймагындагы аскерлер.
Украинанын согуш жүрүп жаткан аймагындагы аскерлер.

Батыштын аскер кызматтары билдиргендей, Москванын Украинаны багындырып, баш калаасын басып алып, бийлигин алмаштыруу планы оңунан чыкпай калгандай. Маалыматка караганда, орус армиясы 24-февралдан бери күчүнүн үчтөн биринен ажырады.

“Орусиянын ырайымсыздык менен басып кирген ыргагы солгундоодо”,– деди НАТОнун баш катчысынын орун басары Мирча Жоанэ.

“Украина бул согушту өз элинин, армиясынын каармандыгы жана биздин жардам менен жеңет”.

Жоанэ бул тууралуу Берлинде НАТОнун тышкы иштер министрлери чогулуп, Украинага мындан ары берилчү жардамды жана Финляндия менен Швецияны аскердик бирикмеге кабыл алууну талкуулаган жыйындан кийин айтты.

Украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба “Украинага көп курал-жабдык жана башка жардам жолдо баратканына” токтолду. Ал Берлинде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугуп, Вашингтон берчү соңку жардам тууралуу кеңири маалымат алды.

15-майда орусиялык күчтөр Украинанын батышындагы Львов облусундагы аскердик жайларды ракетадан аткылады. Азырынча жабыр тарткандар жөнүндө айтыла элек. Мындай маалыматты Львовдун губернатору Максим Козицкий Телеграмга кабарлап, аскердик полигондун жанындагы бир жай толугу менен талкаланганын жазды. Бул орус армиясынын бир аптадан бери украин-польяк чек арасына жакын урган биринчи чабуулу болуп калды.

Азырынча Орусия соңку чабуулдар тууралуу эч кандай маалымат тарата элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG