Депутат Акаев өкмөт ири ишканаларды "Ширшовдун колуна карматканын" айтты

Жанарбек Акаев.

Өкмөттүн төрт ири мамлекеттик ишкананы Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берүү тууралуу токтомун жокко чыгаруу керек деген оюн бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев билдирди. Ал аталган ишканалар коррупцияга шектелип жаткан мурдагы жетекчи Алексей Ширшовдун колуна өттү деген пикирин айтып, министрди пландары тууралуу маалымат берүү үчүн парламентке чакырууну сунуш кылды:

«Телеком» менен «Мегаком», макул, Санариптик өнүктүрүү министрлигине багыты жакын. Торпеда, ок-дары чыгарган «Дастан» заводунун эмне тиешеси бар? Ушундай чоң стратегиялык объектилерибизди, банкты, 3 миллион абоненти бар «Мегакомду», ири жер аянты бар «Кыргызтелекомду» Ширшовдун колуна карматпадыкпы. Бул токтомду жокко чыгарыш керек. Акылбек Жапаров ал жерге дата-борбор курабыз деп жатат. «Кыргызтелекомдо» имарат толтура, дата-центр биздин президиумдай жерге эле батат».

Ушул эле маселени депутат Улукбек Ормонов да көтөрүп, ушунча болду министрликке «Кыргызстандын жарымын берип эле койсо болорун» айтты жана бул маселенин талкуусу коомчулукта көбөйүп баратканын, андыктан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун өзүн парламентке чакыруу керектигин белгилеп, өкмөттүн аталган ишканаларды министрликке өткөрүп берүү тууралуу токтомун жокко чыгарууга чакырды.

Депутат Шайлообек Атазов «Ширшовдун колуна токтом менен өткөрүп берилген» ишканаларды кайтарып берүү керектигин айтты.

Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов “Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси, коррупцияга шектелип жаткан Алексей Ширшов менен байланышы бар деген оюн бүгүн депутат Дастан Бекешев айтып, элди алдоо болуп жатканын белгилеген.

Парламенттин жыйынына катышып жаткан президенттин жана өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов депутаттын бул айткандарына комментарий берген жок.

10-майда УКМК Ширшов «Аврора Плюс» эс алуу борборунан кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарган коррупциялык схеманын негизги уюштуруучуларынын бири катары шектелип Жазык кодексинин "Коррупция" беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Биринчи Май райондук соту ошол эле күнү аны үй камагына чыгарган.

10-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кыргызтелекомду", "Альфа Телекомду", "Дастанды" заводу жана "Евразия сактык банкын" Мамлекеттик мүлк фондунан Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына өткөрүү тууралуу токтомго кол койгон.

Өкмөт башчы аталган ишканалар министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн өткөрүлгөнүн, өкмөттүн максаты учурдагы шартка жооп берген финансылык технологияларды бир жерге топтоп, тейлөөнү уюштуруу экенин “Азаттыкка” билдирген жана “Бул долбоор Алексей Ширшовдун схемасы” деген сындарды четке кагып, өкмөт көптөн бери пландап келе жатканын айткан.

Ал "Санариптик өнүктүрүү министрлигинин материалдык-техникалык базасы жок. Мен мурда Финансы министрлигинде түзгөн "Инфоком" ишканасын республикалык деңгээлге чыгардык деп коюп эле жумуш такыр жүрбөй жатат. Азыр болсо жаңы финансылык технология өнүгүүдө. Биз муну мурдатан эле даярдап келе жатканбыз. Биздин өкмөттүн өнүгүү программасында бар. Кимдир бирөөнүн схемасы дегенди ошол айтып жаткан адамдардан тактабасак, мен билбейт экенмин. Кандай схема болушу мүмкүн? Мурда айтса болот эле, азыркы санариптик доордо баары ачык көзгө көрүнүп турбайбы",- деп белгилеген. (RK)

Дагы караңыз

Кирешелүү ишканалардын акционери алмашты. Ширшовдун карааныШиршовдун акталган жана арасат сот иштери Ширшовдун окуясы: Жапаровдун жообу, Максимдин миллиондоруБекназаров: Ширшовго төрт-беш кылмыш иши козголгонКоррупцияга шектүү Ширшовдун үй камагына чыгышы сынга кабылды