Тажикстанда орус рублинин курсу кайра төмөндөй баштады

Тажикстанда орус рублинин курсу көтөрүлгөндөн үч жумадай убакыттан кийин кайра арзандай баштады. “Озоди” радиосу бул көрүнүштү түшүндүрүү үчүн Улуттук банкка кайрылышканын, бирок жооп ала албаганын жазды. Айрым эксперттер орус валютасы убактылуу гана арзандап жатканын, бул тенденция кыска мөөнөттүк экенин белгилешет.

Рублдин курсу Орусия Украинага басып кирген февралдын аягында олку-солку боло баштап, кескин түшүп кеткен. Апрелде гана өсүш байкалган.

Орусияда жүз миңдеген тажик мигранты иштеп жүрөт. Андыктан катардагы тажикстандыктар орус валютасынын наркына жакындан байкоо салып турушат.

Дагы караңыз

Калың жааган кардан улам Барскоон - Ак-Шыйрак жолу жабылдыКыргызстанда энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы салына баштайтКанада тапанча сатууга жана сатып алууга тыюу салууну көздөйт