Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы салына баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы 1-июлдан тартып курамында энергетикалык, сергитүүчү кошулмалары бар алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүдө жана өлкө аймагына ташып келүүдө акциздик салык салына баштай турганын билдирди.

Башкача айтканда, Министрлер кабинети бекиткен акциздик ставкага жараша аталган суусундуктун бир литрине он сомдон алынат.

Кыргызстанда мыйзамга ылайык, организмине сергитүү таасирин камсыз кылган кофеин жана башка сергитүүчү кошулмаларды камтыган алкоголсуз ичимдиктер энергетикалык суусундук катары саналат.

Мыйзам боюнча мындай суусундуктар 18 жашка чейинкилерге сатылбашы керек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG