Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтор жолукту


Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.
Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Бишкекте өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта 25-30-май күндөрү өткөн жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда болгону айтылды.

Жумушчу топтордун келерки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтө турган болду.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына кыргыз-тажик чек арасынын 664 чакырымы такталганын билдирсе, 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында аны ырастаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG