Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:59

Баткендин чек арага жакын аймагына турак жайларды курууга 200 млн. сом бөлүнүшү мүмкүн


Баткендин Максат айылына жаңы салынган үйлөр.
Баткендин Максат айылына жаңы салынган үйлөр.

Экономика жана соода министрлиги Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында турак жай куруу боюнча токтом долбоорун сунуштады. Документ Министрлер кабинетинин сайтында жарыяланды.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) токтом долбооруна ылайык, анын уставдык капиталынан турак жай курууга 200 миллион сом бөлүү сунушталууда. Ал келечекте Баткен облусунун чек арага жакын аймактарынын тургундарына кийин сатып алууга мүмкүн болгондой ижарага берилиши керек.

Документке ылайык, үйлөрдү Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык агенттиги курат. Баткен облусун өнүктүрүү кеңешине жаңы үйлөр курула турган калктуу конуштарды аныктоо тапшырмасы берилет.

Ушул жылдын апрель айында МИК башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова аймактарда турак жай куруу тууралуу планга токтолуп, бул максатта 3,5 млрд. сом бөлүү каралып жатканын айткан. Ал эң оболу Баткендеги чектеш аймактарга, анын ичинде Максат, Ак-Сай айылдарына үй куруларын кошумчалаган.

Өткөн жылы Баткен районунун Максат жана Ак-Сай айылдарында 2021-жылдын апрель айынын аягында болгон чек ара жаңжалында жабыркагандар үчүн үйлөр курулган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG