Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Улуттук банк эсептик ченди 14 пайыз деңгээлинде калтырды


Кыргызстандын Улуттук банкы 2022-жылдын 30-майында эсептик чен өлчөмүн 14% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 31-майдан тартып күчүнө кирет.

Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта учурдагы акча-кредиттик шарттарынын сакталышы Кыргызстандын макроэкономикалык абалына жооп бере турганы жана келечектеги тобокелдиктер менен тышкы конъюнктура кесепеттерин азайтууга мүмкүндүк бере турганы белгиленген.

"Кыргызстанда инфляциялык процесстердин бир аз басаңдашы байкалат. Бул олуттуу басым орун алган мезгилден кийин дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунда жагдайдын салыштырмалуу турукташуусу, ички факторлордун тийгизген таасири менен шартталган. 2022-жылдын май айында бир жылдык инфляция апрель айындагы 14,5 пайыздан 13,8 пайызга чейин түшкөн. Бирок глобалдуу рынокто азык-түлүк товарына болгон сунуштун чектелүү болушу жана логистикалык проблемалардын орун алышы дагы деле инфляциялык тобокелдиктерди камтыйт", - деп белгилейт Улуттук банк.

2022-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) өсүшү 5,4 пайызды түзгөн (2021-жылдын ушул эле мезгилинде экономика 3 пайызга төмөн).

Эсептик чендин өлчөмү тууралуу кийинки пландык отуруму 2022-жылдын 25-июлунда өтөт.

Ушул жылдын 1-мартында Улуттук банк эсептик ченди 8,5 пайыздан 10 пайызга, 10-мартта 14% көтөргөн. 2022-жылдын февраль айында (18-февралга карата) инфляция жыл ичинде 10,6 пайызды түзгөн, жыл башынан бери баа 1,5 пайызга көтөрүлгөн.

Украинадагы кырдаалдын шартында Кыргызстандын валюта рыногундагы абал олку-солку болуп турат. 31-майда 1 АКШ доллары 80-82 сом деп белгиленген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG