Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

Акыйкатчы Сузакта мугалимди видеого тарткан окуучуларга басым болуп жатканын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Сузакта мугалимдин окуучуну сабап жатканын видеого тартып алгандарга басым болуп жатканын бүгүн, 30-майдагы маалымат жыйында билдирди. Өлкөнүн башкы укук коргоочусу мугалимди дагы, окуучуну дагы психологиялык экспертизадан өткөрүүнү сунуштады.

"Видеого тарткан балага жана аны колдоп бармагын көрсөткөн кызга басым болуп жатыптыр. Муну менен балдар "чоң кишилер урса, сөксө, зомбулук көрсөтсө, эч нерсе кыла албайт экенбиз. Баары бир чоңдордун кылганы туура болуп, мамлекет, ата-эне бизди коргой албайт экен" деген түшүнүктө калат. Алар мамлекетти, ата-энесин, чоңдорду жек көрүү менен чоңоёт. Тилекке каршы, мындай көрүнүш биринчи эмес, системалуу болуп жатат. Мурда дагы ушундай окуялар катталып, балдардын укугун эч ким коргоп калбаптыр", - деди Абдрахматова.

Акыйкатчы мугалимдин ур-токмогуна туш болгон кыздын абалына Стамбул протоколунун негизинде жакшы баа берилбей, окуучунун айткандары эске алынбай калганын белгиледи.

23-майда Сузак районунун Сафаровка айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепте информатика сабагынан берген мугалим 7-класстын окуучусун сабап койгон. 25-майда сабак учурунда мугалимдин окуучуну сабаган видеосу интернетке тарап, талаш-талкуу жаралды.

Азыркы мезгилде иштин жагдайы боюнча окуу жайдагы мугалим жана мектеп окуучулары суралып, алдын ала сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда буга чейин да мугалим окуучуга кол көтөрүп, иштен кеткен окуялар катталган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG