Мектепте сабалган кызга басым болуп жатканы айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Сузакта мугалимдин ур-токмогуна кабылган окуучу кызга психологиялык басым жасалып жатканын бүгүн 1-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Винера Раимбачаева билдирди:

“Окуучуга психологиялык басым болуп жатат. Бизге ошондой маалымат келди. Мугалимдерден, райондук администрациядан. Мугалимдин да, окуучунун да укугун тебелебешибиз керек”.

Депутат окуучу кыз ооруканада дарылануусун улантып жатканын кошумчалады.

Өткөн аптада мектепте окуучу мугалим менен айтышып, анын ур-токмогуна кабылган видео интернетте тараган. Окуя Сузактагы мектептердин биринде болгону аныкталган. Айрымдар мугалимди, ал эми кээ бирлер кызды, анын ата-энесин айыптап жатышат. (RK)

Дагы караңыз

Акыйкатчы Сузакта мугалимди видеого тарткан окуучуларга басым болуп жатканын билдирди"Балдарды басып калбайбы деп коркобуз". Дубалы ажырап, полу чириген мектептерБалдарды согуш темасынан оолак кармайлы