Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруу Жаркынбек Касымбековго жүктөлөрү маалым болду

Саламаттык сактоо министрлиги. Бишкек.

Саламаттык сактоо министринин орун басары жана министрдин милдетин аткаруучу болуп Жаркынбек Касымбеков дайындаларын “Азаттыкка” 4-июнда жеке булактар кабарлашты.

49 жаштагы Касымбеков Медицина академиясын 1996-жылы аяктаган. 2014-2015-жылдары Бишкектин “Тез жардам” кызматынын башкы дарыгери болгон.

2020-жылкы парламенттик шайлоого “Чоң казат” партиясынын тизмесинде тогузунчу болуп катышкан. Ага чейин ал ар кыл саясий кыймылдарга катышып жүргөнү менен белгилүү. 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо жагдайларын иликтеген Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын курамында болгон, бирок анын бүтүмү менен макул эмес экенин айтып, чыгып кеткен.

2021-жылы ноябрда өткөн парламенттик шайлоого Касымбеков "Ынтымак" саясий партиясынын талапкери катары катышкан, бирок ага мандат тийген эмес.

4-июнда президент Садыр Жапаров кол койгон тескеменин негизинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев ээлеген кызматтарынан “тергөө мезгилине” деген негизде убактылуу четтетилишти.

3-июнда президент министрдин кармалганы тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип, комисcия түзүлгөнүн айткан.

2-июнда Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри кармалганын, ага карата жети кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын маалымдаган. Ушул эле күнү Саламаттык сактоо министрлигинин үч жооптуу кызматкери коррупцияга шектелип кармалган.

27-майда Бейшеналиев министрликтин аппаратынын үч бөлүмүнүн башчыларын иштен алган жана үч орун басарын кызматтан алуу тууралуу сунушун өлкө жетекчилигине жөнөткөнүн билдирген. (RK)