Кыргызстанда 3409 этникалык кыргызга "кайрылман" макамы берилген

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жалпы 3409 этникалык кыргызга "кайрылман" макамы берилген. Бул тууралуу 20-июнда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

"Кайрылман" макамын алгандардын көбү Өзбекстандан келгендер.

  • Өзбекстандан келген - 1753 киши.
  • Тажикстандан келген - 1463 киши;
  • Башка өлкөлөрдөн келген - 193 киши

Булардын ичинен 1500гө жакыны Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн документтерин тапшырган.

Садыр Жапаров былтыр июль айында этникалык кыргыздарга жана жарандыгы жок кыргыз тектүү адамдарга жарандык берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн убактылуу жобосу тууралуу буйрукка кол койгон. Анда документ топтоп, толтурууда түйшүк жана талап азайган, мындай норма ушул жылдын аягына чейин иштейт.

Былтыр 577 этникалык кыргызга "кайрылман" макамы берилген. (КЕ)

Дагы караңыз

Борн: Францияда шайлоодон кийин "мурда болуп көрбөгөн кырдаал" түзүлдүПарламентте депутаттар менен Эдил Байсалов кайым айтышты (видео)Боррел Орусиянын украин буудайын чыгарбай жатканын "согуш кылмышына" теңедиИран диниятчыларды өлтүрдү деген өзбек тектүү жаранды дарга асты