Кытай жыл башына салыштырмалуу Орусиядан көбүрөөк мунай импорттой баштады. Кытайдын бажы мекемесинин соңку статистикасына ылайык, май айында Бээжин Орусиядан 8,4 миллион тонна мунай сатып алган. Бул 2021-жылдын май айына салыштырмалуу 55 пайызга көбүрөөк.
Натыйжада май айында Орусия Кытайга мунай экспорттогон негизги өлкөгө айланып, Сауд Арабиясын артка таштады. Bloomberg басылмасы жазгандай, Кытай бир айда Орусиядан 7,47 миллиард долларга мунай сатып алган. Бул апрель айына салыштырмалуу 1 миллиард долларга көбүрөөк.
Кытай Орусиянын Украинага кол салганын айыптоодон баш тарткан. Орус күчтөрү коңшу өлкөгө басып кирерден мурда, кышкы Олимпиаданын ачылышында Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен орус президенти Владимир Путин жолуккан болчу.
Украинада согуш башталгандан бери Батыш өлкөлөрү Орусиядан газ, мунай сатып алууну азайтууга аракет кылып келет.
Дагы караңыз
Парламентте депутаттар менен Эдил Байсалов кайым айтышты (видео)Кыргызстанда 3409 этникалык кыргызга "кайрылман" макамы берилгенБорн: Францияда шайлоодон кийин "мурда болуп көрбөгөн кырдаал" түзүлдүБоррел Орусиянын украин буудайын чыгарбай жатканын "согуш кылмышына" теңедиИран диниятчыларды өлтүрдү деген өзбек тектүү жаранды дарга астыИИМ Орусияда 1800дөн ашуун кыргызстандык абакта экенин билдирди