27-июнда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 17...22, күндүз 33…38;
Талас жергесинде түнкүсүн 16...21, күндүз 30…35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 19…24, күндүз 35…40;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30;
Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;
Бийик тоолордо түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17 градус.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 35…37 градус болот.
Дагы караңыз
Казакстанга 30 тонна шекер алып өтүүгө аракет кылгандар кармалдыКөмүскөгө көчкөн ичимдик соодасыИрандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү жакында уланары айтылдыОоганстан: Зилзаладан жабыркаган аймакка гумжардам жеткирилүүдө