Прокуратура “Манас Ордодо” 20,5 млн. сом негизсиз чыгым болгонун билдирди

"Манас ордо" улуттук комплекси.

Башкы прокуратура улуттук “Манас Ордо” комплексинде олуттуу каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.

Буга чейин бул жайда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ички аудиттик текшерүүсү жүргөн. Анын жыйынтыгында 2020-2021-жылдары республикалык бюджеттен, атайын эсептен кызматкерлерге материалдык жардам, үстөк акы, эмгек өргүү акысы, эмгек стажы, кызматкерлердин ден соолугуна келтирилген залал үчүн акча ашыкча төлөнүп берилгени аныкталган.

Мындан сырткары тендердик сатып алууда, электр энергиясы үчүн төлөм, комплекстин муктаждыктары үчүн автотранспорт каражаттарын сатып алууда жана президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн каражаттар максатсыз пайдаланылганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

"Жооптуу адамдар тарабынан жалпы суммасы 20 млн. 659 миң 300 сом акча негизсиз чыгымдалган факты боюнча Талас облустук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

"Манас Ордо" улуттук комплекси Талас облусунун Таш-Арык айылында жайгашкан. 1996-жылга чейин "Манас" коругу болуп келген жана 1996-жылы улуттук деген расмий макам берилген. (КЕ)

Дагы караңыз

Быйыл артыкчылык аттестатын алган бүтүрүүчүлөрдүн саны кыйла азТүрк парламентинин төрагасы “Гүлен кыймылы” кыргыз-түрк мамилесине таасир этерин билдирдиУкраина: Кременчугга түшкөн ракетадан кеминде 13 киши набыт болдуАдвокат: Бейшеналиевдин ишинде материалдык чыгым жок