Орусия: кароосуз калган кыргызстандык алты бала мекенине алынып келди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Орусияда ата-энесинин кароосу жок калган кыргызстандык алты бала мекенине жөнөтүлгөнүн билдирди.

Анда "Элчилик Орусиянын тиешелүү органдары менен бирге балдарды мекенине кайтарууга керектүү бардык документтерди даярдоого көмөк көрсөттү. Мындан ары да жашы жете элек кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо иштерин улантат", -деп айтылат маалыматта.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эми кайтып келген балдарды оболу биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү боюнча иш алып барат. Эгерде баланын туугандарын табуу мүмкүн болбосо, асырап алууга берүү маселеси каралат.

2011-жылдан тартып Орусиянын ар кайсы шаарларында кыргызстандык мигрант энелер төрөп, балдар үйлөрүнө таштап кеткен ымыркайларды алып келүү аракети башталган. Андан сырткары Казакстан, Ирактан дагы ондогон балдар алып келген. Алардын айрымдары өз туугандарына берилген жана арасында асырап алары жоктору да болгон.

Дагы караңыз

ЕАЭБ: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу негизги долбоорлор тизмесине кирди COVID-19: Кыргызстанда соңку бир күндө оору дагы 91 адамдан аныкталды Аба ырайы: Бишкекте күн 38 градуска чейин ысыйт