Чаткалда күчү 3,5 баллга жеткен жер силкинүү катталды

Жер титирөө сезилген аймактар. Сейсмология институтунун маалыматы.

31-июлда саат 07:55те Кыргызстандын аймагында Чаткал тоо кыркаларында жер силкинүү катталганын Сейсмология институту кабарлады.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жетип, Жалал-Абаддын Чаткал, Тегирмен-Сай, Жылгын, Аркыт айылдарында жана Талас шаарында сезилген.

Аталган институттун маалыматына караганда, ушул эле аймакта 25-27-июль күндөрү дагы күчү 3,5-5 баллга жеткен жер титирөө катталган. (КЕ)

Дагы караңыз

ӨКМ: Балыкчы, Таш-Көмүрдө сел суулары үйлөрдү каптадыБеш реабилитациялык борбордо тамак-аш чыгымынын ченеми жогоруладыУкраин бийлиги Донбасстын тургундарын эвакуациялай турганын жарыяладыБоомдогу селден улам жабылган унаа жолу бир тараптуу ачылды