Жогорку окуу жайларда этникалык кыргыздар үчүн 75 орун бөлүндү

Ош мамлекеттик университети.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылында башка өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайларга 75 орун бөлдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын ичинен Өзбекстан 30, Тажикстан 25, Түркия 10, Казакстан 5, Кытайда жашаган кыргыздарга 5 квота бөлүндү.

Бул квота “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка ылайык берилди. Окууга тапшыруунун шарттары бул жакта.

Этникалык кыргыздар Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Түркия сыяктуу мамлекеттерде жашайт. Аларга жылына жогорку окуу жайларга квота берилет. Министрлик учурда канча этникалык студент бар экенин маалымдаган жок. (TSh)

Дагы караңыз

Путин Эрдоганга экономикалык байланышты жандантууну сунуштадыПакистанда сел кырсыгынан 500дөн ашык адам өлдүБоомдогу автомобилдик кыймыл толук калыбына келтирилди