Орусиянын аскерлери Николаев шаарындагы университетке сокку урду

Александр Сенкевич.

Орусиянын аскерлери 17-августка караган түнү Николаев шаарындагы Кара деңиз улуттук университетинин имаратын ракета менен эки жолу аткылады. Бул тууралуу шаардын мэри Александр Сенкевич менен облустук администрациянын башчысы Виталий Ким билдиргенин Крым.Реалии сайты жазды.

“Алар Николаев шаарындагы дагы бир университетти — биздин Могилянканы аткылашты. Бир нече күн мурун мен видео жарыялап, ал жерде аскердик база жок экенин көрсөткөм. Бирок кечинде ал жакка эки ракета атылды. Булар чыныгы террористтер, алар өздөрүнүн пропагандасына жамынып, биздин окуу жайларды кыянаттык менен талкалоону улантышууда”, - деди Сенкевич.

Ал чабуул болгон учурда университетте бир күзөтчү болгонун ал жаракат албаганын кошумчалады. Мекеменин маңдайындагы үйгө зыян келтирилген. Коммуналдык кызматтар университеттин жанын тазалап жатат.

Виталий Ким шаардагы ишканалардын бирине да ракеталык сокку урулганын билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, андан эч ким жабыркаган эмес. Орус аскерлери Николаев облусун күн сайын аткылап жатат. Көптөгөн далилдерге карабастан, Москва Украинадагы жарандык объектилерге сокку урбаганын кайталап келет.

Орусиянын аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны “денацификациялоо” жана “демилитаризациялоо” деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес. (BTo)

Дагы караңыз

Алымкадыр Бейшеналиев кызматына кайтып барууга даяр экенин билдирди Мектеп директорлорун тандоо: Чүй менен Таласта тестирлөө өтүп жатат АКШ президенти Байден инфляцияны азайтуу мыйзамына кол койдуЯнварь окуясы: каза болгондордун толук маалыматын жарыялоо талабы коюлдуГермания Орусиянын мунайын АКШнын нефтисине алмаштыра баштадыЫрыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы: адвокат шаардык сотко кайрылат