Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеваны Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Ооганстандагы миссиясынын башчысы кылып дайындады. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.
Secretary-General @antonioguterres has appointed Roza Otunbayeva of Kyrgyzstan as his new Special Representative for Afghanistan and head of @UNAMAnews: https://t.co/189dOIaiAe
— UN Spokesperson (@UN_Spokesperson) September 2, 2022
Буга чейин бул кызматта Дебора Лайонс иштеп келген.
Отунбаеванын бул кызматка дайындалышын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды.
По представлению и активной поддержке Президента С.Н.Жапарова Роза Исаковна Отунбаева получила назначение в качестве спецпредставителя Генсека ООН и Главы Миссии в Афганистане. Поздравления! 🇰🇬🇰🇬🇰🇬 https://t.co/tkjGkbIcV0
— Edil Baisalov (@baisalov) September 3, 2022
Роза Отунбаева - Кыргызстандын экс-президенти. Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин 1975-жылы окуп бүткөн. Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштеп эмгек чыйырын баштаган, 1986-89-жылдары Кыргыз СССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри болгон. 1989-жылы СССРдин Тышкы иштер министрлигине ишке чакырылып, ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы, андан кийин төрагасы болуп иштеген.
Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 1992-жылы Роза Отунбаева Бишкекке кайтып, тышкы саясат боюнча вице-премьер-министр, Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы биринчи элчиси болгон. 1994-97-жылдары Кыргызстандын тышкы иштер министри, андан кийин Британияда элчи болгон.
2005-жылы Март революциясында оппозициянын алдында, экс-президент А.Акаев белгилегендей, оппозициянын локомотиви болгон. Парламент тышкы иштер министри кызматына өткөзбөй койгондон кийин социал-демократиялык партиянын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. 2009-жылы Бакиевге каршы көтөрүлгөн оппозициялык күчтөрдүн башында туруп, 7-апрелде президент качып кеткенден кийин Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүн жетектеген. Бир жыл өлкөнү башкарып, 2011-жылы Баш мыйзамга ылайык президенттикти бошотуп берген. (КЕ)
Дагы караңыз
Президент ЖК регламенти тууралуу мыйзам долбоорун кайра кайтарды Президенттик аппарат ЖК регламенти мыйзамы жөнүндө түшүндүрмө тараттыЖапаров Ташиевге Эл баатыры наамы берилген себебин түшүндүрдү G7 уюму орус мунайынын баасына чек коюуну макулдашты