Европадагы кыргыздар тынчтык жүрүшүнө чыгышты

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

23-24-сентябрда Европанын бир катар шаарларындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү тынчтык митингине чыгышты. Алар Баткенде чек арадагы айылдардын талкаланып, ондогон киши набыт кетип, миңдеген тургундардын үй-жайын таштап качууга аргасыз болушуна кошуна өлкөнүн бийлигин күнөөлөштү. Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан да ушундай эле мазмундагы билдирүү тараткан.