Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетине убактылуу чектөө киргизилди

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы 7-октябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинде Кыргызстандын жарандарынын Өзбекстанга өтүүсүнө чектөөлөр киргизилгенин кабарлады.

Чектөө аталган өткөрүү бекетиндеги капиталдык курулуштун аякташы жана андагы имараттын ремонтуна байланыштуу кирип жатканын аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Кыргызстандан чыгуу үчүн төрт паспорттук көзөмөл кабинасы иштеп жатат.

Ушул себептен “Достук-автодорожныйда" жарандардын жана автоунаалардын узун кезеги пайда болушу ыктымал экени белгиленген.

Чек ара кызматы жарандарды абалды түшүнүү менен кабыл алып, алдын ала пландап жолго чыгууга үндөдү. (КЕ)

Дагы караңыз

Чек ара: Баткен жана Сох райондорунун акимдери жолукту Султанбаев: Путиндин мааракесине Сүйүнбек Касмамбетов барат Бишкекке АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Трюдо келди Токаев президенттикке "Элдик коалициядан" аттанарын билдирди