Баткенде жана Ошто орус-кыргыз инвестициялык форуму өттү

Инвестициялык форум. Ош шаары, 2022-жылдын 8-октябры.

7-8-октябрь күндөрү Баткенде, андан кийин Ошто орус-кыргыз инвестициялык форуму өттү. Оштогу форумга өкмөт башчы Акылбек Жапаров жана Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, эки өлкөнүн ишкерлери катышты.

Баткендеги жыйында, Орусиянын элчилиги билдиргендей, Кызыл-Кыя шаарына медициналык жана билим берүү борборлорун ачуу, Кадамжайга газ бетон продукциясын чыгаруучу завод куруу долбоорлору талкууланды.

Ошто кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинин орус өкмөтүнүн жардамы менен жаңылангандан кийинки ачылышы болуп, жеңил өнөр жай, агро өнөр жай комплекси, соода-сатык жана инновациялар багытында кызматташуу тууралуу сөз болду.

Мындан тышкары Орусия менен биргеликте Ысык-Көлдүн жээгине беш жылдыздуу мейманкана ачуу долбоору да каралганы маалымдалды.

Жалпысынан форумдун жыйынтыгында 20га жакын долбоорго кол коюулары пландалууда. (RK)

Дагы караңыз

УКМК Баткенде чек арачылар тийиштүү каражаттар менен толук камсыздалганын билдирди Иранда нааразылык акциялары улануудаКрым көпүрөсүндөгү табышмактуу жарылууЧек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат